Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Адыл     [5 Августа 2021]

Саламатсызбы! Менин суроом Биздин айыл окмотунун жараны,жергиликтуу кенешке депутат болуп шайланган.Депутат болуп шайланган жаран райондук каржы болумундо иштейт.райондо иштеп жатып,айыл окмотуно куратор болуп шайланган.Ушул мыйзамга жооп береби?

Ответ:

Урматтуу Адыл, жергиликтуу кенешке депутат болуп, айыл окмотуно райондук каржы болумдон куратор болгону мыйзамга каршылык болбойт. Кураторлук бул коомдук иш, жардам катары алпарылат.

Бексултан     [4 Августа 2021]

Саламатсыздарбы! Жергиликтуу айыл Кенешинин депутаттарынын мучолорунун бири, бирин экиси ошол айыл аймактын башчысынын бир туугандары, иниси, жубайы, окул балдары болсо. Мындай учурларда алар ошол созывта ох иштерин алып барууга мыйзам мумкундук береби, же болбосо мындай учурга мыйзам боюнча тыйуу салыныш керекпи? Иш жузодо нормасы кандай. Рахмат!

Ответ:

Урматтуу Бексултан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдын 25-берене. « Кызыкчылыктардын кагылышуусу». Жергиликтүү кеңештин депутаты кеңештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаш-сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоого тиешелүү маселелерден тышкары) кароого катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.

Акмат     [3 Августа 2021]

Муниципалдык кызматчы кызматта 35-40 жыл иштеген болсо,эмгек оргуу кача кунго берилет?

Ответ:

Урматтуу Акмат, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзымдын 38-берене. “Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын өргүүсү” 1. Кызматчыга жыл сайын ден соолугун чыңдоо үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жөлөкпул төлөө менен 30 календардык күнгө созулган акы төлөнүүчү өргүү берилет. 2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык эмгек стажы болгондо акы төлөнүүчү өргүү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө көбөйөт. Муниципалдык кызматчы кызматта 35-40 жыл иштеген болсо, эмгек оргуу 38 кунго берилет.

Зарема     [31 Июля 2021]

Саламатсыздарбы мен айыл окмото налогчу болуп келишим менен иштейм, азыркы учурда 5курсту сыртан окуйм менин укугум барбы штаттык кызматка олтуруш учун конкурска универден справка алып келип берсем? Диплом жок справка жарайбы окуп жатат деген?

Ответ:

Урматуу Зарема, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамында 14-берене. Квалификациялык талаптар 3 пунктунда. Административдик кызмат орундары үчүн билим деңгээлине карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кенже кызмат орду - мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн жогорку билим, муниципалдык кызматчылар үчүн жогорку же болбосо орто кесиптик билим; 2) улук, башкы жана жогорку кызмат орундары - жогорку билим. Ошондуктан справка жарабайт.

Курманбек     [29 Июля 2021]

Здравствуйте, хотел спросить по поводу земель ГФСУ. В типовом положении ГФСУ написано, предоставлять земельные участки Государственного фонда сельскохозяйственных угодий социально ориентированным субъектам и малообеспеченным семьям и гражданам, проживающим на территории данного местного кенеша, из зоны экономически привлекательных земель путем прямого предоставления в соответствии с земельно-планировочными зонами Перспективного плана. При этом, общая площадь предоставляемых земель, не должна превышать 20 процентов от всего количества земель Государственного фонда сельскохозяйственных угодий. Нам в айыл окмоту сказали, что кроме 20% для малоимущих и т.д также 15-20% от всего количества земель ГФСУ путем прямого предоставления дают под семеноводческое, племенное хозяйство. Правда ли это?

Ответ:

Уважаемый Курманбек, управление землями Государственного фонда сельскохозяйственных угодий осуществляется путем разработки Перспективного плана. После утверждения местным кенешем Перспективного плана предоставление земельных участков Государственного фонда сельскохозяйственных угодий осуществляется в строгом соответствии с правовым режимом, определенным этим документом. На основании информации об использовании земель Государственного фонда сельскохозяйственных угодий определяются потребности семеноводческих, племенных, экспериментальных, опытно-селекционных хозяйств, научно-исследовательских учреждений, сортоиспытательных станций и участков, сельскохозяйственных кооперативов для предоставления земель Государственного фонда сельскохозяйственных угодий посредством прямого предоставления. Конкретные сроки аренды и размеры земель Государственного фонда сельскохозяйственных угодий на территории айылного аймака, предоставляемых в аренду физическим и юридическим лицам, устанавливаются Земельной комиссией. До 20 % земель Государственного фонда сельскохозяйственных угодий предоставляется социально ориентированным субъектам и малообеспеченным семьям и гражданам, проживающим на территории данного местного кенеша, из зоны экономически привлекательных земель путем прямого предоставления в соответствии с земельно-планировочными зонами Перспективного плана.

Тынычбек     [29 Июля 2021]

Саламатсызбы! Биздин айыл аймагыбызда жерлер бар. Жерлер категорияга болунот турбайбы. 1) айыл чарба багытындагы жерлер; 2) калктуу конуштардын жерлери;3) өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер; 4) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери; 5) токой фондусунун жерлери; 6) суу фондусунун жерлери; 7) сактоодогу жерлер;\n\nМисалы жеке менчикте эмес айыл чарба багытындагы жер же калктуу конуштардын жери бар болсо, ал жеке менчикте эмес болсо Айыл окмотко карайт да. Анан ал жерди бир адам жеке менчикке сатып алам десе, Айыл окмоттун, Райондук Гос.регистрдын, Архитектуранын уруксаты менен, мыйзам турундо аукцион аркылуу гана сатып алса болобу? Туздон-туз сатып алууга болбойт да э? Аукционду откозуу эрежелери кандай болуш керек, аукцион туралуу айыл окмот кантип, каяка жарыя бериш керек, комиссияга кимдер кириш керек, аукцион айыл окмотто гана отуш керекпи же акимиятта деле ото береби аукцион?

Ответ:

Урматуу Тынычбек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо менен таанышып алсаныз болот. Ушул эле сайтта «Законодательство» дегенди басып, «ПОСТАНОВЛЕНИЯ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР» деген жерде «Об утверждении Типового положения о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на земельные участки, находящиеся в муниципальной собственности» ачып, буручунда кыргызча дегенди бассанар, Жобону кыргызча окуп алсанар болот.

Айдай     [29 Июля 2021]

Закон о детях

Ответ:

Уважаемая Айдай, Закона о детях не существует, есть Кодекс КР о детях принятый 10 июля 2012 года № 100 (В редакции Закона КР от 27 апреля 2017 года № 64, 30 марта 2018 года № 33 , 24 апреля 2019 года № 56, 1 августа 2020 года № 109).

Тургун     [28 Июля 2021]

Саламатсызбы! Биздин айыл аймакта майнинг иштеткен ГЭС бар. Бирок, ал ГЭСтин жетекчиликтери жергиликтүү бюджетке эч кандай бир салык төлөбөй келет экен. Алар менен 8 жылга чейин салык албоо боюнча келишим түзүлгөн имиш. Бирок келишимин көрө элекпиз. Ушул ГЭС канча салык төлөөгө милдеттүү болот?

Ответ:

Урматтуу Тургун, бул жерде сөз чакан ГЭС жөнүндө болуп жатса керек. Кандай гана объект болбосун ( эгер мамлекеттик же муниципалдык менчикте болбосо) салык төлөө милдети келип чыгат. Биринчиден ээлеп турган аянты үчүн айыл чарба багытындагы эмес жер салыгын, экинчиден ушул чакан ГЭС силердин райондо салык инспекциясында каттоодо турса, анда киреше салыгын төлөосү керек.Бул жергиликтүү салыктар боюнча. Айыл өкмөт менен айылдык кеңеш расмий түрүндө кат менен чакан ГЭСтин жетекчилигине кайрылып, кандай келишим түзүлгөнгүн, андагы шарттар менен таанышууну максаттарын көздөп жатканыңарды билдирсеңер болот. Мыйзамдагы нормаларга ылайык 14 күндүн аралыгында жооп ала аласыңар.

Фархат     [28 Июля 2021]

1991-1995 приваташтыруунун кандай эрежелери болгон? Так маалымат керек болуп жатат. Орусча деле жооп болот. Рахмат.

Ответ:

Уважаемый Фархат, приватизация в 1991 году осуществлялась на основании Закона КР от 20 декабря 1991 года № 683-XII «Об общих началах разгосударствления, приватизации и предпринимательства в Республике Кыргызстан». Данный закон утратил силу в соответствии с Законом КР от 16 апреля 2015 года № 83 «О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав предпринимателей". Если вы хотите почитать сам Закон «Об общих началах разгосударствления, приватизации и предпринимательства в Республике Кыргызстан», вы можете его найти на сайте минюста КР в разделе «Нормативные правовые акты», в окне поиск документов, куда надо ввести название данного документа. С уважением Мелис Зарлыкович.

Рахат     [27 Июля 2021]

Саламатсызбы! 1) Айылдык Кенештин жоопту катчынын милдети, укугу кыскасы жумушу туралуу кайсы жерден окуп маалымат алса болот? 2) Айылдык Кенештин жоопту катчысы Айыл окмотко да баш ийеби? Айыл окмот алдында жооптубу? 4) Айыл окмоттун тапшырмаларын аткарыш керекпи? 3) Айлык акысы жергиликтуу бюджеттен толонобу?

Ответ:

Урматуу Рахат, 1) Айылдык Кенештин жоопту катчынын милдети айылдык кенешинин регламентинде жазылган, ошол жерден окуп маалымат алсаныз болот. 2) Айылдык Кенештин жоопту катчысы Айыл окмотко баш ийебейт. Айыл окмот алдында жоопту эмес, тапшырмаларын аткарбайт, Айлык акысы жергиликтуу бюджеттен толонот. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 21-берене. “Жергиликтүү кеңештер” 4 пунктунда жергиликтүү кеңештер юридикалык жактар болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. 35-берене. Жергиликтүү кеңештердин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу 2. Учурдагы жылдын 1-январына карата абал боюнча калктын санын эске алуу менен, администрациялык-аймактык бирдиктин айылдык кеңешинин ишин уюштуруучулук камсыз кылуу төмөнкүлөргө жүктөлөт: - 6000 адамдан аз - тиешелүү айылдык аймактын айыл өкмөтүнүн аппаратына; - 6001 адамдан жогору - жергиликтүү кенештин жооптуу катчысына. 3. Жергиликтүү кеңештердин аппараттарынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жүктөлөт.