Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Айыл окмот     [7 Декабря 2021]

Айылдык Кенештин чыгарган токтомдорду маанисине карабастан ар бири сайта жарыялагыш керекпи?\nБиздин катчы маанилуулорун эле кетирип жатам дейт, туурабы?

Ответ:

Урматтуу Айыл окмот, Айылдык Кенештин чыгарган баардык токтомдору катталууга жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын аппараттары. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук акт юридикалык күчкө ээ болбойт. 2009-жылдын 20-июлу № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 7-беренеси. «Ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуу ыкмалары»  Ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуучу ыкмалар болуп төмөнкүлөр саналат: ченемдик укуктук актыны белгиленген тартипте кабыл алуу; ченемдик укуктук актыны Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү; ченемдик укуктук актыны расмий жарыялоо; 27-берене. «Ченемдик укуктук актыларды каттоо» 1. Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар катталууга жатат. 2. Каттоону төмөнкүлөр жүргүзөт: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын аппараттары. 28-берене. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестри»  1. Ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине (мындан ары - Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестри) киргизилет. 5. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук акт юридикалык күчкө ээ болбойт. 29-берене. «Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун тартиби» 1. Ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланууга жатат. 2. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо деп ченемдик укуктук актылардын тексттерин Өкмөт тарабынан аныкталуучу басма сөздүк же электрондук басылмада жарыялоо жолу менен аларды жалпыга маалымдоо түшүнүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актылары Өкмөт тарабынан аныкталган басма сөз же электрондук басылмада, же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерде (доскаларда, стенддерде) жарыяланышы мүмкүн. Сизди терен урматтоо менен? Мелис Зарлыкович.

Айбек     [7 Декабря 2021]

Саламатсызбы, менде мындай суроом бар. Биздин айылдык кенештин торагасы маданият кызматкери болуп иштейт. Айыл окмоттон айлык алат. Ага болобу торага болгонго же болбойбу?

Ответ:

Урматтуу Айбек, айылдык кенештин төрагасы маданият кызматкери болгондуктан мыйзам жол берет төрага болгонго. Маданият кызматкерлери мамлекеттик же муниципалдык кызматка кирбейт. Айыл өкмөт маданият кызматкерлерине айлыкты төлөп берет, бирок алган айлыктары Республикалык бюджеттен бөлүнөт. Сизди терең урматтоо менен, Мелис Зарлыкович.

Санира     [3 Декабря 2021]

Саламатсыздарбы? Биздин ишмердуулугубуз 2021-жылдан башталгандан бери 1 депутат 2 жолу сессияга катышкан жок, регламент боюнча 1 жылда 4 жолу деген жери бар. Жыл жанырып кетсе, сессияга катышпаган учуру кайра башынан эсептелеби? Же эски жылда келбегенине кошулуп, төрт жолу келген жок деп, эсептөөгө болобу. Ишмердуулугунө бир жыл боло элек.

Ответ:

Урматтуу Санира, жыл жанырып кетсе, сессияга катышпаган учуру кайра башынан эсептелбейт. Мисалы бир жылдын ичинде деген, сентябрдан августка чейин болушу мумкун. 12 айдын ичинде деген соз. 2000-жылдын 13-январы № 3 «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3- статья. «Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу”: Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат: 10 пункт: жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу. Жергиликтүү кеңеш жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алат жана кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтөт. Сизди терен урматтоо менен, Мелис Зарлыкович.

Якупова Фатима Рафиковна     [25 Ноября 2021]

Здравствуйте, с недавнего времени подорожал проезд по маршруту Кемин-Ак-Тюз, есть ли основание? Спасибо.

Ответ:

Уважаемая Фатима Рафиковна. В вопросе надо указывать более конкретно детали, в Вашем случае это кто извозчик? Если это частник, то основание есть, подорожал бензин. Если это муниципальный транспорт, значит было решение местного кенеша.

Курманбек     [25 Ноября 2021]

Айыл башчысы (староста села) Жогорку Кенешке депутаттыкка талапкер болом десе, жумушунан бошошу зарылбы? Өтпөй калган мезгилде кайра ордуна келип иштей береби?

Ответ:

Урматтуу Курманбек, айыл башчы административдик муниципалдык кызмат орду болуп эсептелет. Ошондуктан, эгер шайлоого талапкер болсо, анда шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызматтык же кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткарууну убактылуу токтотуп турат. Шайланбай калган учурда кайра мурунку кызматына келип уланта берет.  КР «Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 21-беренеси. Сизди терен урматтоо менен, Мелис Зарлыкович.

Бексултан     [25 Ноября 2021]

Айыл өкмөтүнүн аталышын адамдын аты менен кайра атоо болобу?

Ответ:

Урматтуу Бексултан, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, административдик-аймактык бирдиктерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, шаарларды, айылдарды адам атары менен атоого Мыйзам жол бербейт. Андыктан, айыл өкмөтүнүн аталышын адамдын аты менен кайра атоо мүмкүн эмес. Сизди терен урматтоо менен, Мелис Зарлыкович.

Эрмек     [25 Ноября 2021]

Айылдык кенештин депутаты муниципалдык тазалык ишканаласында бухгалтер болуп иштегенге мыйзам жол береби?

Ответ:

Урматтуу Эрмек, бухгалтердин кызмат орду техникалык тейлөөчү кызматкерлердин катарына киргендиктен, алар муниципалдык кызматкер болуп эсептелишпейт. Ошондуктан, жергиликтүү кеңештин депутаты болгон учурда деле өзүнүн ыйгарым укуктарын өндүрүштүк же кызматтык ишинен кол үзбөй туруп жүзөгө ашыра алат. Сизди терен урматтоо менен, Мелис Зарлыкович.

Оксана     [25 Ноября 2021]

Вопрос по предоставлению оплачиваемого трудового отпуска лицу нанятого айыл окмоту по трудовому договору (вне штатного расписания)

Ответ:

Уважаемая Оксана, Вы не задали сам вопрос. Написали что вопрос касается трудового отпуска, в чем суть и соль вопроса не написали. Мы не хотим весь закон вывешивать, это не будет ответом. Напишите ВОПРОС.

Акмат     [25 Ноября 2021]

Сиз менин суроомо тушунбой калдыныз окшойт, группага чыккандан кийин 4 жыл 2 процент кармалып келген?

Ответ:

Урматтуу Акмат мырза, сиз II топтогу майып болгондон кийин 2 пайыз кармалат, майыптыны жок кызматкерлер үчүн ай сайын - 10 пайыз кармалат. Мындай маселелерди документти көрбөй туруп жооп берүү кыйын. Бул сайт жергиликтүү өз алдынча башкарууга багытталган. Терең урматтоо менен, msu.kg тобу

Бакыт     [23 Ноября 2021]

Берген суроомо жооп алдым. Чоң рахмат, ишиңиздерге ИЙГИЛИК!

Ответ:

Бакыт мырза сиздерге чоң рахмат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну алдыга сүйрөп, өнүгөлү, өсөлү деп демилгелерди мыйзам чегинде ишке ашырып келгениңерге. Бар болуңуздар, бир күнү реформалар бизди карай дагы жылат деген үмүттө күтө туралы. Терең урматтоо менен, msu.kg командасы