Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Дастан     [2 Декабря 2017]

Саламатсызбы! Мен айылдык кеңештин депутатымын, суроом: Айылдын Кеңештин депутаттык кызматы муниципалдык кызмат болуп эсептелеби, ал болбосо кеңештин төрагасы муниципалдык кызмат болуп эсептелеби? Рахмат

Ответ:

Урматтуу Дастан мырза! Муниципалдык кызматта муниципалдык кызмат орундары аныкталган. Муниципалдык кызмат орду мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын штаттык бирдиги катары ушул органдын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча иштеген адам үчүн милдеттердин белгилүү чөйрөсү менен уюшулган кызмат орду. Муниципалдык кызмат орундары саясий жана административдик болуп экиге бөлүнөт. Айылдык кеңештин депутаттары саясий муниципалдык кызмат ордуна кирет, ал эми айыл өкмөттүн кызматкерлеринин орду административдик кызмат оруну болуп эсептелет, анткени конкурс аркылуу айыл өкмөтүнүн башчысы аркылуу дайындалышат. Демек, айыл кеңештин ар бир депутатын саясий муниципалдык кызматты аркалап жүрөт деп айтса болот.

суербек     [28 Ноября 2017]

может ли депутат айыльного кенеша одновременно являться председателем жайыт комитета

Ответ:

Уважаемый Суербек мырза! Согласно Закона «О статусе депутатов местных кенешей» Статья 5. Несовместимость статуса депутата местного кенеша с некоторыми должностями и видами деятельности Депутат местного кенеша не может состоять на государственной службе или иной муниципальной службе в случаях: 1) если государственный орган или орган местного самоуправления, в котором он занимает руководящую должность, расположен в пределах территории того же айылного аймака или города, что и представительный орган местного самоуправления (местный кенеш айылного аймака или города), депутатом которого он является; 2) если государственный орган или орган местного самоуправления, в котором он состоит на государственной или муниципальной службе, подотчетен представительному органу местного самоуправления (местному кенешу айылного аймака или города), депутатом которого он является. То есть, депутат не может быть председателем Жайыт комитета, так как Жайыт комитет подотчетен местному кенешу.

шер     [27 Ноября 2017]

Саламатсыздарбы, Суром томондогучо: мамлекеттик органдарга жана жергиликтуу оз-алдынча башкаруу органдарына жазуу жузундо арыз менен кайрылсам жооп берилбеди. Кайсыл мыйзам нормаларына ылайык арызга канча кундо жооп берилет.

Ответ:

Урматтуу Шер! КР “ Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө “ мыйзамынын 8-статьясында Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароонун мөөнөттөрү тууралуу так жана даана көрсөтүлгөн: 1. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу мамлекеттик органга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына же кайрылууда коюлган маселелерди чечүү компетенциясына кирген кызмат адамына келип түшкөн учурдан тартып бир жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө катталууга тийиш. 2. Мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же компетенцияларына ылайык кызмат адамына келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат. 3. Жарандын кайрылуусун чечүү үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда даттанууларды чечүү мөөнөттөрү демейдегиден башкача тартипте узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт. Бул жөнүндөгү чечим мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын жетекчиси, кызмат адамы же болбосо ага ыйгарым укук берилген адам тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө (электрондук) билдирилет. 4. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууда коюлган маселелерди чечүү бир нече мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын же кызмат адамдарынын компетенциясына тиешелүү болгон учурда кайрылуунун көчүрмөсү катталган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде тийиштүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына же тийиштүү кызмат адамдарына жөнөтүлөт.

Анара     [25 Ноября 2017]

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө

Ответ:

Урматтуу Анара айым! Сиз сураган мыйзамды биздин сайтыбызда ЗАКОНОДАТЕЛЬСТВО деген разделде ДРУГИЕ ЗАКОНЫ деген пункта илип койдук.

Уланбек     [24 Ноября 2017]

Саламатсыздарбы.Менин суроом томондогудой:бардык эле китепкана башчылары жана клуб башчысы ,жардамчылар эмнеге отпускага чыкса отпускной толонуп берилбейт коп эле айыл окмоттордо же эмгек кодексинде мун.кызматкерлерге толонот, маданият кызматкерлерине толонбойт айлык акысы эле берилет деген мыйзам барбы .Жообун берип койсонуздар. Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Уланбек мырза! Сиздин сурооңуз боюнча төмөнкүдөй жооп бере алабыз. Айыл өкмөттө эмгектенүү муниципалдык кызматка киргендиктен, анда иштеген жарандар мыйзамга ылайык муниципалдык кызматкер болуп эсептелет. Алар Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык жөнүндө” мыйзамындагы бардык квалификациялык талаптарга жооп беришип, андан кийин гана кызматка киришет. Муниципалдык кызматтагы иштеген жарандарга мыйзамдарда белгиленген тартипте жөлөкпул төлөө менен акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү берилет. Ал эми сиз атаган айылдагы маданият кызматкерлери муниципалдык кызматкер болбогондуктан Эмгек кодексинде каралган гана эмгек өргүүсүнө чыга алышат.

Азамат     [23 Ноября 2017]

Саламатсыздарбы! АК Торагасы 3 кварталдын отчетун угуу сессиясын болбогон шылтоо айтып кечиктирип жатат. уже 24 ноябрь болуп калды. Не кылуу керек?

Ответ:

Урматтуу Азамат мырза! Эгер Сиз Айылдык кеңештин депутаты катары суроо берип жатсаңыз, анда өзүңүз жакшы билишиңиз керек, жылдын башында айылдык кеңештин иш планын бекитип жатканда төраганын отчет берүүсү планга кирип каралсан болсо, ал отчет берүүсү керек. Эгер айыл кеңештин иш планында бул маселе каралбай калган учурда туруктуу комиссиялар аркылуу маселени көтөрүп чыксаңар болот. Башкысы төраганын отчетун , айыл кеңештеги ар бир депутаттын, ар бир туруктуу комиссиянын отчетторун жалпы шайлоочуларга угузгандан кийин гана жалпы депутаттардын ишмердүүлүгү боюнча отчетту же маалыматты жыйынтыктап акырында төрага берсе ылайыктуу болот.

Болотбек     [23 Ноября 2017]

Саламатсыздарбы? Менин суроом томодогудой; \nАйыл окмоттун балансына 10 даана автотехника алып, фирмаларга арендага берсе болобу? айыл окмоттун бюджетине каражат тушуруу максатында? Чоон рахмат. ишиниздерге ийгилик каалайм.

Ответ:

Урматтуу Болотбек мырза! Албетте , ал техникаларды ижарага берип, жергиликтүү бюджетке каражатты түшүрсө болот. Бирок, бул аракеттер Кыргыз Республикасынын “ Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамында көрсөтүлгөн эрежелерге ылайык болуусу керек.

ЗАРИНА     [22 Ноября 2017]

Спасибо большое за ваши ответы. Но у меня остается открытым вопрос о продуктовых нормах питания для детских садов.

Ответ:

Уважаемая Зарина! Отправив запрос о новых продуктовых нормах питания для детских садов, мы получили ответ, в котором сказано, что продуктовые нормы для детских садов остались без изменения.

ЗАРИНА     [20 Ноября 2017]

Здравствуйте. У кого проводился тендер по Жаит комитетам на приобретение тракторов? Как Вы перечисляли и по какой статье? Говорят в ИСКРИНСКОМ а/о или районе уже проводили и сделали правильно. Отзовитесь дайте контакты с кем можно созвониться.

Ответ:

Уважаемая Зарина! Действительно, в 2017 году Искринский айыл окмоту Чуйского района по проекту АРИС приобрели трактор , об этом нам сообщил глава айыл окмоту Ботбаев Руслан Бейшекеевич. Вы можете связаться с ним по тел.0 555 33 83 67 и узнать все подробности сами.

Cуербек     [19 Ноября 2017]

Что такое общая доля местного самоуправления?

Ответ:

Система управления в КР состоит из государственного управления и местного самоуправления. Все это финансируется из государственного бюджета. Государственное управление - финансируется из Республиканского бюджета, а система местного самоуправления из местных бюджетов. Вот общая доля местного самоуправления это доля совокупных местных бюджетов в структуре государственного бюджета. Это если Вы хотите долю местного самоуправления выразить в цифрах.