Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Мааметова Анара     [13 Января 2017]

2 жолу айыл окмот болуп шайланган адам кайра 3жолу айыл окмотко талапкерлигин койсо болобу?

Ответ:

Урматтуу Анара айым саламатсынарбы. КР жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундогу мыйзамында мындай чектоолор жок. Мурун 3 жолдон коп болууга болбойт, деген чектоо бар болчу, 2007 жылдан кийин алынып салынган.

Таалай     [12 Января 2017]

Саламатсызбы Рита! ГП Кара-Кечеде мастер болуп 2 жыл иштесе айыл окмотко талапкерликке болобу?

Ответ:

Таалай мырза саламатсызбы. КР Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундогу мыйзамына ылайык 48 берене, "Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат", деп жазылган. РЕЕСТР политических и специальных государственных должностей Кыргызской Республики деген документти карап чыксак, мамлекеттик мекемелердин адистери мамлекеттик кызматка кирбейт экен. Бирок, ошол эле учурда талапкеринер балким менчик чарбакер субъекттердин жетекчиси болсо, анда АО башчылыгына талапкер болсо болот.

Аzamat     [12 Января 2017]

Рита саламатсызбы! Минерал суу куюп саткан ОсОО жергиликтуу бюджетке кандай салык толоошу керек? Лицензиясын жокко депутат айыл окмоттун калкы тарабынан жокко чыгарылган. АО лицензия алып, кайра эле сатса кобуроок салык тушурсок болобу. 2. Соц пакетти кантип алса болот?

Ответ:

Азамат мырза саламатсынарбы. Суроонуз чон жана коп тармактуу экен. Четинен жооп жазалы, балким башкача тушундук сизди. 1) Сууну куюп иштетип жаткан мекеме азыр иштейби? Иштесе (лицензиясы менен) анда ал киреше салыгын толойт (киреше салыктын 50 % жергиликтуу бюджетке тушот), айыл чарба багытында эмес жер салыгын толойт (100 % жергиликтуу бюджетте калат), сатудан алынган салык (50 % жергиликтуу бюджетке тушуу керек) жана роялти (минералдык сууга 200 сом 1 тоннага, 100 % жергиликтуу бюджетке тушот). Салык кодексин карап, тиешелуу беренелерди тактап алгыла. 2) Ушундай иш чараларга лицензияны атайын Мамлекеттик агенттик берет, ал калк жактан жокко чыгарылбайт. 3) Лицензиясынын мооноту бутсо, лицензия узартылышы керек. 4) Айыл окмот озу ишкер болуп кете албайт, лицензия алыш учун, АО хозрасчеттук муниципалдык мекеме тузушу керек болот. Бирок, ошону менен биз салыкты кообурок толотобуз, деген бул алдамчылык. 5) Соцпакетти лицензияны сатып жатканда суйлошу жолу менен аныкташат. Эгер ишкер маакул болсо кийин деле социалдык келишим тузсо болот, бирок мажбурлоо менен мындай маселе чечилбеши керек.

Саламат     [12 Января 2017]

Саламатсыздарбы, учурда Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, акимдерди шайлоо боюнча жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын типтүү регламентининин V бөлүмүнө өзгөртүү киргизилгенби?

Ответ:

Саламатсынарбы Саламат мырза. Конституциянын 70, 72, 75, 81 жана 87 беренелери 2017 жылдын 1 декабрында кучуно кирет. Сиз жазган Конституциянын 89 беренеси болгондуктан, ал 2017 жылдын 15 январынан иштей баштайт. Мыйзамдарга жана башкак укуктук ченемдик актыларга өзгөртүү киргизбесе деле 15 январдан иштеп баштайт. Анткени Конституция - бул туз таасирин тийгизчуу укука ээ баш мыйзам. Суроонузга чон рахмат!

АО главасынан     [10 Января 2017]

Саламатсынарбы Рита! Биздин сурообуз томонкудой: менин жана коллегаларым, башка айыл окмотторунун башчыларынын сурообуз бирдей. Азыркы мезгилде биздин АО башчылары болуп иштеген кызматыбыздын мооноттору аяктап атат. Ошого байланышту 2016-2017 жж. эмгек оргусун алууга укугубуз барбы, медпособиясы менен чогу. Былтыр 2015-2016 ж. эмгек оргусуно апрель айында чыкканбыз. Андан бери 9-10 ай иштептирбиз. Жана эмгек оргусунун арызына ким кол коет, райаким же Айыл кенешинин торагасыбы?

Ответ:

Эмгек кодексинин негизинде, 126-беренесине ылайык "Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн тартиби" корсотулгон. "Иштеп жаткан экинчи жана андан кийинки жылдары үчүн өргүү ошол уюмда белгиленген акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн кезегине ылайык иш жылынын кандай убагында болбосун берилиши мүмкүн. Эгерде жамааттык же эмгек келишиминде башкача каралбаса, негизги өргүүнү биринчи иш жылында 11 ай өткөнгө чейин аванс менен алууга укугу бар кызматкерге иш жылынын иштелген бөлүгүнө пропорциялуу берилет. Эгер кызматкер бир айдан кем эмес иштеген учурда, анын пайдаланылбаган эмгек өргүүсүн компенсациялоо укугу пайда болот." Ушул беренеге ылайык, сиздердин эмгек оргуунорду алууга укугунар бар. Буйрукту сиздердин орун басарынар же жоопту катчы чыгарат. Бирок сиз аларды эмгек оргосуно чыгып атам деп, АО башчысынын милдетин аткаруучу кылып буйрук чыгарып коюшунар керек. Андан кийин милдет аткаруучу, сиздин арызынардын негизинде, Эмгек кодесине таянып, сизге буйрук чыгарат. Сиздерге ийгилик каалайм!

Азик     [10 Января 2017]

Айыл Кенештин тургундар электр энергиясын сатып алышат. РЭС сатып пайда корот. Тушкон пайдадан жергиликтуу салыкты жергиликтуу бюджетке кантип тушуробуз? Рахмат

Ответ:

Электр энергия сатып аткан компаниялар сатуудан алынуучу салыкты толочу. Мыйзам боюнча сатуудан алынуучу салыктын 50 % жергиликтуу бюджетке жана 50 % республикалык бюджетке тушот. Бирок, Президент салык кодексине озгорту киргизуу боюнча озгортуулорго кол коюп (http://www.president.kg/ru/news/zakony/7189_vnesenyi_dopolneniya_i_izmeneniya_v_nekotoryie_zakonodatelnyie_aktyi_kyirgyizskoy_respubliki/) Сатуудан алынуучу салыктын устоктору алмашкан. "При этом c 1 июля 2016 года устанавливаются ставки налога с продаж: при реализации товаров, работ, услуг, облагаемых НДС и/или освобожденных от НДС оплаченной: а) в наличной форме в размере 1% - для торговой деятельности и 2% - для иной деятельности; б) в безналичной форме в размере 0%" Кобунчо мекемелер, расчетту банк аркылуу кылганына байланыштуу алардын устогу 0% болуп калды. Ошондон улам, жергиликтуу бюджетке бул салык тушсо дагы, абдан аз колому тушот.

Азик     [10 Января 2017]

Кирпич заводтон, комур казган лицензиясы жок апачилерден кантип, жергиликтуу салыкты кобойтсо болот. Рахмат

Ответ:

Азик саламатсынарбы. Суроону так жазсанар, так жооп аласынар. Биз тушунгон боюнча, сиз жанагы иштелбей калган шахталардан мыйзамсыз комур казган кишилерди, мыйзамдуу жолго салып, салыкты кобойту жонундо сурап жатсаныз, анда алар Госгеологиядар лицензия алып мыйзам турундо иштеши керек. Андай болбосо салык менен мыйзамдаштыруу жолуу жок. Ушул тармакты жакшы билип алгыныз келсе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы, N 834 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө ЖОБОну окуп коргуло.

АНВАР     [9 Января 2017]

Входит в стаж работы или нет работа депутатом городского кенеша

Ответ:

Уважаемый Анвар, здравствуйте. Статья 25. "Охрана трудовых и иных прав депутата" Закона КР "О статусе депутатов местных кенешей" гласит: "..... Время работы депутата в местном кенеше засчитывается в стаж муниципальной службы, а также в стаж работы (службы) по той специальности, по которой он работал до избрания депутатом в местный кенеш. За депутатом сохраняются все права и льготы, которыми пользуются работники соответствующего предприятия, учреждения, организации".

Рустам     [7 Января 2017]

Биз азыркы учурда айылдын ички кочоолоруно тунку жарыктарды орнотуп жатабыз. Аларды орнотуу учун дагы АПУ жана ИТУ айыл окмоттун жергиликтуу бюджетинен каржыланды. Эми ар бир ай сайын ар бир орнотулган тунку жарыктарга чектелген олчомдогу акча каражатын толоп турушубуз керек экен. Анан менин маалыматым боюнча РЭС ар бир столбаларга налог толош керек экендигин уктум эле. Эми ошол маалымат туура болсо анда аны аныктап туруп, РЭС менен келишим тузуп жергиликтуу бюджетке чыгым келтирбештин аракетин издеп жатам.

Ответ:

Рустам саламатсынарбы. Эми сиздин суронуз тушунукту болду. Эгер силер тунку жарыктарды борбордук кочоолорго орнотуп жатсанар, ар мамлекеттик жолдор деп эсептелинет. Эгер, айылдын ички кочоолоруно орнотуп жатсанар, ал муниципалдык жерлер деп, эсептелинет. Бирок Салык кодекстин 343 беренесинде: "байланыш жана электр берүүчү линиялардын жерлери" салык салуудан бошотулат, деп аныкталган. Ошондуктан, тунку жарыктандырууга колдонулган электр энергияга, айыл окмоту каражат толоп берууго абзел.

Рустам     [30 Декабря 2016]

Саламатсынарбы! Айылдын ичиндеги жана жайыт жерлериндеги жайгашкан электролинияларынын столбалар жонундогу мыйзамды тапканга жардам беруунуздорду суранам. Ыракмат.

Ответ:

Рустам саламатсынарбы. Бул суроо кандай маселени чечууго керек болуп жатканын жазып жибергилечи. Ошого карата жоопту даярдап, керектуу мыйзамдарга шилтеме табып берели.