Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Нурлан     [21 Декабря 2013]

Рита саламатсызбы? менин суроомо жооп берип койсонуз, чон жардам болот эле, сураныч? рахмат

Ответ:

Урматтуу Нурлан. Сиздин сурооңузга жооп берилди. Урматтоо менен, ЖӨБ тармактын секретариаты.

kylych     [20 Декабря 2013]

айыл окмотунун кызматкерлерине местный бюджеттен питаниеге акча караса болобу, сессиянын чечими бар, кайсы мыйзамга ссылка кылса болот

Ответ:

Урматтуу Кылыч, биз башка айыл өкмөттөргө сиздин өтүнүчүңүздү жибердик. Кеминдин мэриясында муниципалдык кызматкерлерге "Муниципалдык кызмат" мыйзамынын 28 беренесинин негизинде питаниеге жана коммуналдык чыгымдарды компенсациялоо үчүн мэриянын бюджетинен чыгашалар каралыптыр. Төмөндө Кеминдин НачФЭОнун жообу: У нас практикуется такое: согласно статьи 28 закона КР "О муниципальной службе" рабочим ЖКХ нашей мэрии, которые являются муниципальными служащими, а также условий коллективного договора, ежемесячно выплачивается компенсация за продукты питания по 1000 сом каждому. Также всем сотрудникам мэрии ежемесячно выплачивается компенсация за коммунальные услуги по 500 сом. Данные расходы были утверждены на сессии депутатов горкенеша при утверждении бюджета. _____________________________________________________________________________________________________________ Урматтуу Кылыч, Логвиненко АӨ сиздин сурооңуз боюнча башка чечүүчү жол бар экен. Аларда профсоюз аркылуу питаниеге компенсацияларды жасоого мүмкүнчүлүк түзүлүптүр. Төмөндө Логвиненко НачФЭОнун жообу: Что касается продуктов питания у нас есть коллективный договор который принимается и утверждается ежегодно профсоюзом в котором мы оговариваем сумму единовременной материальной выплаты сотрудникам айыл окмоту, затем выносим на сессию при утверждении бюджета.

Нурлан     [20 Декабря 2013]

муниципалдык жерлерди сатууга а/к сессиянын чечими менен мораторий жарыяласа болобу, себеби биздин а/аймакта мун.жерлер б-ча такталып буткон эмес. жол-жобосу кандай болот, кайсы мыйзамдарга таянабыз? рахмат

Ответ:

Нурлан саламатсынарбы. Биринчиден силер депутат катары жергиликтүү кенештин жыйынына муниципалдык менчиктеги жерлерди инвентаризациялоо (аныктоо) жөнүндө маселе коюп, айылдык кенештин иш планына киргизишиниз абзел. Андан соң, ал иштерди аткарууну айыл өкмөткө милдеттендиришинер керек, ага убакыт, каражат , адис ресурстары керек болот. Айыл өкмоттүн буйругу менен ошол ишти алып барууга убактылуу комиссия түзүлүшү керек. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы сессияда каралып, муниципалдык жерлердин реестри такталат, аларга Госрегистрден Мамкаттодон документ алууну планга киргизилет. Бул план Муниципалдык жерлерди башкаруу боюнча стратегиялык план деп аталат. Муниципалдык жерлерден тышкары, ээси жок жерлер дагы чыгат, андай учурда ал жерлерди муниципалдык менчике алуу үчүн сиздер сотко кайрылып менчиктин ээсин тактайсынар. 15.03.2002 № 37 чыккан "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" КР мыйзамы. Биздин сайтта орусча варианты бар.

Гульмира     [19 Декабря 2013]

Рита, менин почтам: Tonao@rambler.ru, рахмат.

Ответ:

Сиз сураган маалыматтын ссылкасын сиздин почтаңызга жибердик.

Гульмира     [19 Декабря 2013]

Рита,саламатсызбы!Мага ПостановлениеПравительства КР от 11 апреля 2012 года № 238 электронкага салып жибересизби,срочно керек болуп жатат.

Ответ:

Урматту Гульмира бул ссылка аркылуу сиз № 238 өкмөттүн токтомун таба аласыз - http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/95377

Талас     [18 Декабря 2013]

Рита сизге бекем ден соолукту,ишинизге ийгиликти,ушинтип жан уроп иштеп келатасыз кыргызстандын ар бир жаранына жардам берип.анын укуктарын коргоп.аман болунуз.

Ответ:

Сизге бул калооңуз үчүн чоң рахмат. Колуңардан келсе жергиликтүү бийлике көмөк көрсөтүп тургула, элдин деми бул чоң нерсе. Сиз дагы аман болуңуз, иштериңерге ийгилик.

жоодар     [18 Декабря 2013]

мыйзамдын кесепетинен канчалаган билимсиз,коррупционер,эптеп эле айлык алып иштеген додойлор а.окмот болуп иштешип атат.жергиликтуу депутаттарга акча берип сатып алган.эч бир иш жок.

Ответ:

Жоодар саламатсынарбы. Ошол депутаттар силердин айылдын атуулубу? Эгер бир кичинекей айылда демилгелүү, билими бар, коррупцияга жол бербей туруштук көрсөтө алган инсанды тандай албасаңар - ага ким күнөлү? Бул маселе абдан чоң маселелердин бири, силер тандоо маселеси жөнүндө үй бүлөдө көп сүйлөшүңөр керек, анткени кандай тандоо жасасак, ошого татыкту жашайбыз, балдарыбыздын көңүлүн ушуга бурушубуз керек. Жаман болсо дагы биздин уулубуз өтсүн дегенди калтырбасак, эч нерсе өзгөрбөйт. Сурооңузга чоң рахмат.

Чолпон     [9 Декабря 2013]

как разработать механизм передачи делегированных полномочий, трансферты на следующий год не предусмотрены в республиканском бюджете

Ответ:

Главный специалист управления межбюджетных отношений Министерства финансов КР Нурунбетов Сыймык ответил, что данный механизм прописывается в Бюджетном Кодексе, когда на все делегированные полномочия будет предоставляться отдельный трансферт и эта норма вступит в действие по принятию Бюджетного кодекса. Чтобы выявить предусматривают ли профильные министерства на финансирование делегированных полномочий в своих бюджетах средства, то Главный специалист который отвечает за финансирование обороны Бектур Айнабаев ответил, что во исполнение Закона о делегированных полномочиях необходимо принять Постановление Правительства, только потом мы начнем производить расчеты и предусматривать на эти цели средства. Следовательно, на 2014 год для исполнения данного Закона средства пока не закладываются. А механизм определения стоимости на выполнение делегированных полномочий надо разработать и принимать, даже если примут Бюджетный кодекс, то он будет финансировать делегированные полномочия рассчитанные по утвержденной методике.

Гульмира     [9 Декабря 2013]

РЭСтин трансформаторлорду оз балансына кантип алдырабыз,анткени алардын чыгымдары биздин мойунга илинип турат?

Ответ:

Бул багытта иш башталды, эгер силерде ушундай көйгөй бар болсо бизге koom.kg@gmail.com деген дареке кийинки маалыматты жиберип койгулачы: кайсы АА, канча трансформатор же башка активдер бар. Энергокомпаниялар азыр ушул багытта иштешкенге даяр. Төмөнкүдөй маалымат интернетке чыккан, сүйлөшсөк даярдык бар, бирок чече турган маселелер дагы бар дешти. Ал маселе бул алына турган объектинин документи болуш керек экен. Бизге жазсаңар акырындан бул ишти жылдыра берели. Барын бир паста алып койгонго каражат жетпейт деп айтышты, бирок бул ишти баштайбыз, деген оюн угуп келдим. Суроонузга чон рахмат. 13-12-13, 17:26 Полпредство Чуйской области намерено решить вопрос с обеспечением населения электроэнергией Tazabek - Полномочный представитель правительства в Чуйской области Кубанычбек Кулматов и генеральный директор ОАО «Северэлектро» Кубанычбек Турдубаев 13 декабря 2013 года подписали соглашение о выработке новых решений в обеспечении населения Чуйской области электроэнергией. По словам К.Кулматова, соглашение позволит ускорить ввод дополнительных электрических сетей за счет привлечения бюджетных и внебюджетных ресурсов. «Согласно договору привлеченные у населения средства будут возвращены наличными средствами, либо будут зачтены на счета потребителей в счет будущего потребления энергии», - добавил К.Турдубаев.

Динара     [4 Декабря 2013]

Саламатсынарбы! Эмнеге силер текшерип же силер тараптан кароо болбойбу? суроо жоопко эле жооп берип койсонор болдубу? пайда деле жок экен да э? Рахмат

Ответ:

Динанра саламатсыңарбы. Биринчиден биздин текшерген укугубуз жок, эгер мыйзам бузу болсо, сиз аны аныктап кандай бир документке өткөрүп далилдесеңер, биз бул эмне мыйзам бузу, деп чыксак болот. Азыр сиздин катыңыздын негизинде эч нерсе жаса албайбыз. Экинчиден, бүт жүктүн баарын бирөөгө өткөрүп койгубуз келет экен, сиздер түшүнүшуңүз керек, ар бир адам өз укугун коргош керек, башкалар көмөктөшөт, жада калса акча алган адвокаттар дагы иштебей эле сотко кирип чыкканына милдет кылып калган заман болду. Сиз жазгандай мыйзамдарды бузу көп кезигет, бардыгыбыз ошого туруштук беришибиз керек. Мисалы жакында эле бир шаардын аппарат жетекчисин мыйзамсыз жумуштан алып салышкан, биринчи эки инстанциядан сотту утуп келе жатып Жогорку соттон туура эмес чечим чыгарып ташташты. Андай көрүнүш көп, а сиз болсо ушул фактыны текшергиле, деп жатасыз. Аны прокуратура текшере алат, биздин укугубуз жок, бирок алар эч кандай иш аракет кылбаса, анда биз Башкы прокурорго запрос жиберип сизге жардам бере алабыз. Бирок ал үчүн далил керек, мына мисалы беш жолу кайрылган экен бир дагы жооп жок, деш үчүн сиздин каттарынар, алардын датасы, катты алдык деген колу туруш керек, антпесе алган эмеспиз деп четке чыга беришет. Ошондуктар Динара башкаларга көп үмүт кылбай өзүңүзгө ишениңиз, а биз көмөк көрсөткөнгө даярбыз. Менин телефонум (0554) (0772) 620484 Рита Карасартова