Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Гульнура     [13 Ноября 2018]

Сколько раз в году айыл окмоту может оказать материальную помощь малообеспеченным семьям, если айыл окмоту является дотационным

Ответ:

Уважаемая Гульнура, материальную помощь малообеспеченным семьям можно оказать один раз в год, если в бюджете имеются средства по определенному разделу. Органы местного самоуправления вправе заниматься социальной защитой отдельных категорий граждан из средств местного бюджета/

Мурат     [8 Ноября 2018]

Жогорку кеңеш менен жергиликтүү кеңештин депутаты болууга талапкерлерге жогорку билим талап кылынбайт, бирок өткөндө борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаты болууга талапкер болом дегендерге жогорку билими болсун деген норманы киргизген болчу, ушуну тактап бере аласызбы?

Ответ:

Урматтуу Мурат! Ооба, өткөндө жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу коомчулукта талкуулар болгон. Бирок, мыйзамга эч кандай өзгөрүүлөр кирген жок. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде шайлоолор өткөрүлүп жатат. Бул аталган мыйзам менен биздин сайттын “ законодательство” бөлүмүнөн тааныша аласыз.

Мурат     [8 Ноября 2018]

Саламатсызбы? Иимдин күзөт кызматында айдоочу болуп иштеймин 3 жылдан бери, жогорку билимим бар, айыл өкмөт башчы болгонго талапкер боло аламбы?

Ответ:

Урматтуу Мурат! Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 48-беренесинде айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө төмөнкүдөй айтылган: “Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу барКыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.”

Б.Сабиров     [3 Ноября 2018]

Азыркы учурда кайсы жылдагы бекитилген муниципалдык кызматкерлердин функционалдык милдеттери жонундо мыйзам иштейт. Айыл окмотторундогу маалымат комууникациялык технологиялар маалымат алмашуу боюнча адиси иш кагаздарын жургузуучу катчынын функционалдык милдеттерин аткарабы?

Ответ:

Урматтуу Б.Сабиров! Азыркы учурда муниципалдык кызматкерлер КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы №91 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын айыл жана поселокторунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматкерлеринин типтуу кызматтык жобосу» менен иш жүргүзүп келе жатышат. Жергиликтүү бийликтин аткаруу органынын башчысы болгон айыл өкмөтун башчысы, айыл өкмөттүн штаттык түзүмүнүн чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн муниципалдык кызматкерлерге кошумча милдеттерди бөлүштүрүп берүүгө, аларды аткарууну фукнционалдык милдеттерине киргизүүгө укуктуу.

Жамшит     [2 Ноября 2018]

Жоопко чон Рахмат. бирок мунспалдык жерге элге кызмат кылганга керектуу нерселерди курганга

Ответ:

Урматтуу Жамшид! Муниципалдык жерге кандайдыр бир коомчулукка, элге керектүү имараттарды куруу зарылдыгы келип чыкса, алгач ал маселени коомчулукка алып чыгып, коомдук угууларды өткөрүү жолу менен аныктап алган оң болот. Элдин –коомчулуктун ой-пикирин эске алып, анын негизинде айылдык кеңештин депутаттары карап чыгышат, сессияда ал тууралуу токтом кабыл алынгандан кийин гана аткаруу бийлиги болгон айыл өкмөтү ишти уланта алат. Муниципалдык мүлктүн (анын ичинде жердин) ээси – эл, ошондуктан элдин талабы менен эсептешип иштөө керек.

нурлан     [30 Октября 2018]

Саламатсыздарбы менин суром томондогучо,айыл окмотун орун басарлыгына баруу учун кандай дайардык кылсам болот.кайсыл тармактан суроолор келиши мумкун.

Ответ:

Урматтуу Нурлан! Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 51-беренесинде айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары тууралуу толук жазылган. Бул кызматка барууга ниеттенип жатсаңыз биздин сайттын “ Законодательство” бөлүгүндөгү укуктук ченемдик актыларды окуп чыгууңуз зарыл. Бул мыйзам актыларын жакшылап окуп чыксаңыз, Сиздин кийинки иштериңизге сөзсүз түрдө пайдасы тиет. Ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Асан     [26 Октября 2018]

Саламатсыздарбы. Мен а/о декретке чыккан башкы салыкчынын ордуна эле конкурсу жок башкы салыкчы кылып алып койду. Мурда жон гана кичи салык кызматкер болчумун. Ортодон иштебей калып кайра жумушка алды. Билимим орто. Бул жагы туурабы. Приказда 74-ст. негизинде деп жазылды. Ошондо башкыны да кичини да мага жуктоп койдубу? Рахмат.

Ответ:

Урматтуу Асан! КР Эмгек кодексинин 55-беренесинеде мөөнөттүү келишим мыйзамдарга ылайык иш орду сактала турган кызматкер убактылуу жок болгондо аны алмаштыруу үчүн түзүлөт, деген. 74-беренеси убактылуу ордун ээлөө тууралуу, анда : “Өндүрүштүк зарылчылык иретинде кызматкер убактылуу жок болгондо, анын кызмат милдеттерин штаттык орун басары болуп саналбаган башка кызматкерге аткарууну жүктөөгө жол берилет. Убактылуу ордун ээлөөнүн узактыгы 3 айдан ашпашы керек. Кызматкерди ваканттык кызмат боюнча милдеттерди аткаруучу кылып дайындоого жол берилбейт” –деп көрсөтүлгөн. Демек, Сиз башкы салыкчынын милдетин 3 айлык мөөнөткө гана аткара аласыз. 167-беренеге ылайык кесиптерди (кызмат орундарды) айкалыштырганы же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткарганы үчүн кошумча акылардын өлчөмдөрүн иш берүүчү кызматкер менен макулдашуу боюнча аныктайт, бирок айкалыштырылган иш боюнча ставканын (айлык акынын) отуз пайызынан аз болушу мүмкүн эмес.Samyibek Esenbekov

айыл башчы     [24 Октября 2018]

Саламатсыздарбы.менин суроом томондогудой; Маданият уйунун имараты ,котельный жана ТП турган жери гос актыга чийилген бирок котельныйдын кернейи мору темир трубасы чийилбей калган экен. Котельныйды коп жылдан бери менчигим деп бир кошуна бербей терезе эшигин бутоп озулоруно пайдаланып сарай склад катары пайдаланып,морду да талашып жатат..А\\О эч бир реакция кылбай жатат.Баскынчынын Жогору жакта крышасы бардай.Кайсы органга кайрылсак болот Ал мам.соц объектини кайра кантип алып кайра бироого арендага берип строй магазин ачсак деген ой сунуштар бар .Кандай жол менен тигинден алып кайра сатыкка же ижарага бере алабыз.Бул жагын а/о кайсы кызматкер жооптуу Алдын ала чооон рахмат.

Ответ:

Урматтуу Айыл башчы! Сиз атаган маданият үйү, от жагуучу жайы (котельная),трансформатордук подстанция муниципалдык менчик катары мамлекеттик каттоодон өтүп, ал объекттерге муниципалдык менчикте тургандыгы тууралуу күбөлүк алынган болсо эч кандай чочулоонун же тынчсыздануунун кереги жок. Талашуу жараткан жердеги объекттин документтерин мамкаттоодон текшерип көрүү керек, ал үчүн от жагуучу жайдын архивдик документтерин изилдеп чыгуу зарыл. Ал эми “меники” деген кошуна аны эмне документтердин негизинде ээлик кылып жатканын көрсөтүп, далилдөөсү керек. Бул боюнча кошунага алгач кат жүзүндө кайрылып жооп алгыла, андан кийин бошотпой ээлик кылуусун уланта берсе, бардык документтерди чогултуп сотко доо арыз менен кайрылса болот. Ал объекти кайрып алгандан кийин айыл өкмөтү аны мындан ары кандай максатта колдонуу тууралуу ( сатуу же ижарага берүү) айыл кеңешке сунуш киргизип, айыл кеңештин токтомуна ылайык иш алып барат. Албетте, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча иштерди айыл өкмөттүн кайсы бир кызматкери алып барышы керек, бирок баарына жетекчи катары айыл өкмөттүн башчысы жооп берет. Бул маселеде айылдык кеңештин да чоң жоопкерчилиги бар экендигин унутпашыбыз керек.

Израил     [24 Октября 2018]

Саламатсызбы.өздөштүрү үчүн жерди канча жылга арендага берсе болот,убакыт мөнөтү бүтсө кайра канча жылга узартса болот.

Ответ:

Урматтуу Израил! Сиздин сурооңузга жооп берүүдөн мурда ал жер аянтын тактап алсак, бул АЖМФнын же айыл өкмөттүн карамагындагы жерлерге киреби, кандай категориядагы жерлерге кирет? Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, тактап жазып берсеңиз.

Нургул     [23 Октября 2018]

Саламатсыздар, сессиянын чечими менен аксакалдар сотуна жылдын башына калган калдыктан эмгек акы толоп келгенбиз. Бугунку кунго бул туура эмес деп жатышат. Бул туурабы?

Ответ:

Нургүл айым саламатсыңарбы. Аксакалдар соту жөнүндө мыйзамынын 33-беренесинде Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүндө материалдык-техникалык камсыздоону жергиликтүү бюджеттен, жергиликтүү кеңеш бюджетти бекитип берүү аркылуу ишке ашат, деп айтылат. Бирок, аны адистердин айлык акысы дебей, сатып алуу берене аркылуу өткөрсөңөр жакшы болот. Аксакалдар сотуна бөлүнө турган каражатты бюджетти карап жатканда айылдык/шаардык кеңеш аркылуу бөлдүрүп мыйзамдаштырып алгыла. Бул мыйзамды ушул сайттын Законодательство - деген бөлүкчөсүнөн окусаңар болот.