Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Бакы     [9 Августа 2022]

Саламатсызбы? 1 жыл мурун шайланган айыл окмотко депутаттар ишеним корсотпой койсо болобу? Мурунку закон менен шайланып, жаны закон менен кызматтан чакырып алалбайбызбы?

Ответ:

Урматтуу Бакы. Силер кайсы мыйзам менен депутаттарды шайлап алсаңар дагы, кетиребиз десеңер учурдагы мыйзам менен кана кетирүү мыйзамдуу болот.

Жазгуль     [8 Августа 2022]

Здравствуйте как разместить у вас на сайте набор на младшую должность Тору-Айгырского айыл окмоту. что нужно сделать

Ответ:

Уважаемая Жазгуль, напишите объявление со всеми требованиями, разместим. Пришлите мне на личную почту karasartovar@gmail.com

Тургун     [4 Августа 2022]

Саламатсыздарбы! 1) Айылда камалган ээси чыкпаган эшектерди кантип жоготсок болот (сатып, атып өлтүрүп ж.б.)? Жол-жоболору кандай? Ыракмат.

Ответ:

Урматтуу Тургун мырза. Айыл аймагында кандай маселе чыкпасын, аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылып, жергиликтүү кеңеш чечим чыгарып, айыл калкына жарыя кылып - чечилет.

Уулкан     [4 Августа 2022]

Саламатсыздарбы? КРнын Президентинин Жарлыгы боюнча жарлык кучуно киргенден баштап беш жылдан ашык иштеген мектеп диреторлору автоматтык турдо бошоп,убактылуу милдетин аткаруучу болуп калат деп тушундум. Эгерде мектеп директорлору айылдык кенештин депутаты болсо, булар ордунда калышабы конкурска барбай. Алдын ала рахмат.

Ответ:

Урматтуу Уулкан айым. Жарлыктар Кодекстердин, Мыйзамдардын иштешине түрткү болуп, кандай бир нормаларды тактоо ирээтинде чыгыш керек. Сиз жазган Президенттин Жарлыгы КР Эмгек Кодексинин 2-беренесине, КР Жергиликтүү депутаттарынын статусу жөнүндөгү мыйзамдын 25-беренесине карама-каршы келет. Беш жыл стажды чектөө жөнүндө бир дагы Кодексте, бир дагы мыйзамда сөз жок. Себепсиз, жумуштан кетирүү - мыйзамсыз. Тилеке кааршы, мыйзамды бузуу жолу менен реформа кылабыз, деп, билим берүүнү артка ыргытуунун алдында турушат. Эгер, бир директор макул болсо, бул Жарлык мыйзамсыз, деп сотко берип коймокпуз.

Талант     [30 Июля 2022]

Азыркы мыйзамда зам айыл окмот башка кадырларды Ким бекитет окмот башчыбы же камиссиябы?

Ответ:

Урматтуу Талант мырза. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө МЫЙЗАМЫнын (2021-жылдын 20-октябры № 123) 54-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары Айыл өкмөтүнүн башчысы: 8) мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; Ошондо, айыл өкмөттүн орун басарын жана башка кадырларды айыл аймактын башчысы дайындайт.

Талант     [30 Июля 2022]

Салам. Мен окмотон элге кызмат кылганга Жер тилкесин (мойка, вулканизация, касапкана) айылда жок бирида. Мага 50 жылга ижарага берсе, имарат салсам болобу? Экотех жана башкалар келип баш орутпайбы? Багытын анык кылып алсам.

Ответ:

Урматтуу Талант мырза. Сиз кызыккан суроо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571  токтому  менен бекитилген   Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана  шарттары жөнүндө типтүү  жобо 2. Жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүүнү ыйгарым укуктуу орган ачык тоорукта ишке ашырат.  3. Жер участоктор ижарага 50 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Жер участокторду ижарага берүү мөөнөтүн ыйгарым укуктуу орган аныктайт. Ошондо, Талант мырза ишиңизди ыйгарым укуктуу органга (айыл өкмөткө, алардын жер комиссиясына) кайрылгыла. Жол жобосун түшүндүрүп беришет. Баарын так жасасаңар, сиз айткандай баш оорутпайт. Кемчилик болсо - оорутушат, бирок ошол баш оорутуну - жөнел сабак катары кабыл алгыла. Баары ишке ашкандансоң башкаларга мугалим болуп бересизю

Нурайым     [29 Июля 2022]

Саламатсыздарбы? Бир адам конкурстан отбой туруп, бухгалтер болуп иштоого болобу жана айыл башчы бухгалтердин ишин алып кетууго мыйзам жол береби?Ушул маселе боюнча кенири маалымат берип койсонуз, алдын ала рахмат.

Ответ:

Урматтуу Нурайым. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө МЫЙЗАМЫнын 2021-жылдын 27-октябры № 125, (2022-жылдын 18-январындагы №4, 2022-жылдын 6-июну № 41 КР Мыйзамынын редакциясына ылайык) 16-берене. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби 1. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү кадрлар резервинен бош кызмат ордуна талапкерди дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат. 2. Ушул Мыйзамда аныкталган тартипте ротация иретинде бош кызмат ордун ээлөөгө жол берилет. 3. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кадрлар резервинде турган адамды же мамлекеттик жарандык кызматчыны, муниципалдык кызматчыны мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда бош кызмат ордуна ротация тартибинде дайындоого укуктуу. Ошондо, жаңы мыйзамдын негизинде, конкурс жок эле, тестирование аркылуу резервге дайындала. Анан ошол резервден алып, жумушка дайындалып калган. Башчы бухгалтер - жогорку кызмат оорун болуп эсептелинет, ага мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жыйынды (общий) беш жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы болсо иштей алат. Ошондо айыл башчыңардын квалификациясын караңыздар, мыйзам талабына жооп берсе - иштей алат.

Адыл     [28 Июля 2022]

Айыл статусун алуу үчүн коншу айылдын макулдугу керекби?

Ответ:

Урматтуу Адыл мырза. Айыл статусун алуу үчүн коңшу айылдардын макулдугу кереги жок. Ал маселени райондук мамлекеттик администрация ишке ашырат, ошол жерге кайрылгыла.

Жанара     [27 Июля 2022]

Саламатсыздарбы, Менде мындай суроо айыл окмотто 7 жыл иштеп, анан оз каалоосу менен арыз жазып. 7- чи жылдагы кезексиз оргууго чыкпай калды, 6 айдан сон кайра айыл окмотко кирди ошондо бир жилдык отпуска куйуп кетип атат кандай кылсак болот

Ответ:

Урматтуу Жанара айым. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК КОДЕКСИне ылайык 126-статья. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн тартиби Акы төлөнүүчү өргүү жыл сайын берилүүгө тийиш. Иштей баштаган биринчи жылда өргүүнү пайдалануу укугу кызматкерде ошол уюмда үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгондо келип чыгат. Тараптардын макулдугу боюнча кызматкерге өргүү 11 ай өткөнгө чейин да берилиши мүмкүн. 132-статья. Кызматкердин бошогондо өргүүгө укугун ишке ашыруу Кызматкер жумуштан бошонгондо ал пайдаланбаган бардык өргүүсү үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилет. Пайдаланылбаган өргүү кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча андан кийин жумуштан бошогондо берилиши мүмкүн (күнөө кетирип жумуштан бошоткондон башка учурларда). Мында жумуштан бошонгон күн деп өргүүнүн акыркы күнү эсептелет. Ошондо, өргүүгө чыкпай калган кызматкерге компенсация төлөнүп берилген болот. Берилбесе, арыз жазгыла.

Нурыйман     [21 Июля 2022]

Саламатсыздарбы.Үй курганы жер алуу учун кезектуулук менен жер алып кайра 5 жылдан кийин ал жерди сатып, кайра кезектуулук менен ала аламбы? Себеби КРО 06.05.2005жылдагы токтомунда ----акыркы 5 жылдын ичинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартуулоо ж.б.у.с. бүтүмдөрдү түзүп, менчигинде турган турак жайды үчүнчү жактарга берүү менен өзүнүн турак жай шарттарын начарлатууга багытталган жарандык-укуктук иштерди жасабаган. деп турат кайра дагы алсам болобу ошондо. 2 суроом. Агамдын атында коп кабаттуу уйдон батири озунүн атында квартира бар. Ал да турак уй курганы жер алал алабы кезеги менен? Айыл окмотко айтсак квартирасы бар экен жер албайт дейт. Канчалык мыйзамдуу? 3 суроо уй курганы жер алууга кезеги менен алып жаткан учурда, ото муктаж бир уй булоодо 5 бала аялдары менен жашаса, алардын кезектин аягында турса аларга муктаждыгына карап комиссия аларга без очеред берип койгону уруксат береби мыйзам.

Ответ:

Урматтуу Нурыйман мырза КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР КОДЕКСИнде 32-статья. Жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү   1. Жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана дача курууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет. Кыргыз Республикасынын (бүтүндө) аймагында жеке турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу жок болсо; - турак жай аянты белгиленген санитардык ченемдерге жана талаптарга жооп бербеген жарандарды кошпогондо, менчигинде турак жайы (үйү, батири) болбогондор; - акыркы 5 жыл ичинде алардын турак-жай шарттарын начарлатууга багытталган, сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн түзүү, алмаштыруу, тартуулоо ж.б. Ошондо: 1-суроого жооп. Экинчи жолу кезеке туруп жер алалбайсыңар. 2-суроого жооп. Батири бар бир тууганыңар кезеке туруп жер алалбайт. 3-суроого жооп. Айыл аймагыңарда жер комиссиясы, соцпаспорттун негизинде ошондой муктаждыкты туура көрүп чечим чыгарса - болот, бирок баардык кезектеги турган адамдарга түшүндүрү иштерди жүргүзү менен бирге. Өзгөчө шарттарды сиз жазган КРО 06.05.2005жылдагы токтомунда 16 пунктунда өзгөчө шарттар, кимге кезексиз берүүгө мүмкүн экени каралган.