Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Интернет приемная

Задать вопрос

Ваше имя

Ваш вопрос


Асыранов Жангазы Бакасович     [5 Сентября 2018]

Саламатсызбы Кыргыз почтасы аркылуу кат жеттиби.

Ответ:

Кат келе элек.

Бакыт     [25 Августа 2018]

Саламатсыздарбы? Кош жарандыгы бар жаран Айыл окмотунун башчысы болуп шайланганга укугу барбы?

Ответ:

Урматтуу Бакыт! Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамдын 48-беренесинде айыл өкмөт башчысына коюлуучу талаптар көрсөтүлгөн, анда төмөнкүдөй талаптар бар: “Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат”. Демек, кош жарандыгы бар жаран айыл өкмөт башчысы болуп шайлана албайт. Экинчиден, жараандуулук жөнүндөгү мыйзамга ылайык кош жарандуулук эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизинде кана пайда болушу мүмкүн. Биз билгенден Кыргыз Республикасы бир дагы башка мамлекет менен кош жарандуулук жөнүндө келишим түзгөн эмес. Ошондуктан, кош жарандуулук бул мыйзамсыз көрүнүш.

Илим     [24 Августа 2018]

Салам. Мен жаны жайыт комитети болуп ишке кирдим Эми жайлоого койду Жан башына налогту бергени же гектаргабы, 1 ге 3койго келишими бар экен бирок 1ге 5-6 кой алып чыгып багып жатат кандай штраф бар . Мен гектарына албай койдун башына алсам мыйзамдуубу болобу

Ответ:

Урматтуу Илим! Биринчиден, кызмат ордуңуз кут болсун, ийгиликтерди каалайбыз! Экинчиден, мындан ары ишиңизге керектүү мыйзамдар менен биздин сайттын “ законодательство” деген бөлүмүнөн таанышып окуп турсаңыз болот. Эми суроого келсек, Кыргыз Республикасынын“ Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесинин 4-пунктунда “ жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөө малдын башына жана үй жаныбарлардын түрлөрүнө жараша белгиленет жана өзгөртүлөт” –деп көргөзүлгөн, демек мал башына карата акы алынат. Илим мырза, сиз шашпай кылдаттык менен өзүңүздүн жайыт комитетинин жана айыл кеңештин жайыт тууралуу чыгарган документтери менен таанышып чыгыңыз, андан өзүңүз берген жана башка суроолорго да жооп таба аласыз. Документтерде түшүнүксүз нерсе болсо, суроо берип тактап алсаңыз болот.

Алмүрөк     [20 Августа 2018]

Саламатсызбы Рита эже. Жергиликтүү кеңештин депутаттары ишмердүүлүгү боюнча элге 1жылда канча жолу отчет бериши керек жана отчет беришпесе кандай чара колдонулат? Рахмат

Ответ:

Урматтуу Алмүрөк! Жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлоочулардын алдында өзүнүн иши жана өзү шайланган жергиликтүү кеңештин иши жөнүндө мезгил-мезгили менен, бирок бир жылда бир жолудан кем эмес отчет берип туруусу керек. Депутаттын отчет берүүсүн уюштуруу жана өткөрүүнүн тартиби жергиликтүү кеңештин чечими же кеңештин регламенти менен аныкталат. Отчет бербеген депутатка кандай чара колдонулары тууралуу мыйзамдарда жазылган эмес, бирок жергиликтүү кеңеш өзүнүн регламентине бул маселени кошуп кетсе болот. Негизинен алганда, муну азыркы учурдагы жергиликтүү кеңештердин “ооруусу” деп атасак болот. Эл алдында депутат катары жасаган ишине отчетун берип, ал отчетун кагазга түшүрүп кеңештеги өздүк папкасына салган эл өкүлүн таппайсың, андайлар жокко эсе. “Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун эмчеги сыркырайт” деп макалда айтылгандай, бул биздин жергиликтүү кеңештердин бир депутатынан баштап, аягында кеңештердин кандай иштеп жатканын көргөзүп турат. Биринчиден, депутаттын отчет бербей жүргөнү анын кандай депутат-эл өкүлү экенин көргөзөт; экинчиден ал мүчө болгон туруктуу комиссиянын иш-аракетин, мүмкүнчүлүгүн билдирет; үчүнчүдөн жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгүнүн деңгээлин аныктайт. Кантсе да, бул кеңешти биз шайлоочулар өзүбүз шайлаганбыз, аларды эч ким белекке берген эмес. Жарандык коом активдүү болсок, алардан отчетту талап кылып турсак, аргасыздан айласы кетсе да отчетун берип кутулмак, жарандар биз өзүбүз активдүү болушубуз керек, ошондо депутаттарыбызды мыйзам ылайык иштете алабыз.

Асыранов Жангазы Бакасович     [15 Августа 2018]

Саламатсызбы Рита менин сизге кайрадан маалымат,жакшы кенеш алууга кайрылып жатам. Сиздерге июнь айларында алыскы тоолуу аймакта жашайм иштеген айыл аймагынын кенсеси турган айыл женилдикке кирбейт мага коэффициент толонобу деген маалыматыма сиздер тараптанжакшы маалымат алганмын. Андан кийин Талас райондук казына башкы башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Окмотунун 1997-жылдын 25-июнундагы №377-токтомун менен ооз эки турундо кайрылганыбызда Бекмолдо айыл аймагынын каржы болумунун башчысы аркылуу Талас райондук казына башкы башкармалыгы 1997-жылдан бери мыйзамдардо озгоруу болуп жаткандыгын мындай маселе Кыргызстан боюнча коп экендигин айтып дагы бир ирээт тактоону сунушташты.Мен Кыргыз Республикасынын Окмотунун электрондук почтасына,Кыргыз Республикасынын кадр кызматына.Кыргыз Республикасынын Каржы Министири А.Касымалиевке 1997-жылдын 25-июнундагы №377-токтомуна качан кайсы убакта кучун жоготкондугун мыйзамга озгоруу киргендиги тууралуу маалыматты токтоо жана жашаган айылым Кара-Ой алыскы аймакта жайгашкан,иштеген айыл аймагынын кенсеси жайгашкан айыл женилдикке кирбейт мага эмгек маянама коэффициент толонобу же толнбойбу деген маалыматты жазып жоноттум.Кыргыз Республикасынын Окумотуно маалымат катталып,маалыматты карап коруу жагын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык онугуу министирилигине жоноткон тууралуу Кыргыз почтасы аркылуу кат келди.Эмгек министирилигинен келген маалыматта Кыргыз Республикасынын 1996-жылдагы"Бийик тоолуу шарттарда жана алыска брууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар учун мамлекеттик гарантиялар,компенсациялар,жонундо мыйзамы менен каралган.Аталган мыйзамдын 2-1беренесине ылайык 1800метрден ойдо жайгашкан айылдар киргизилген.Сиз жашаган Кара-Ой айылы дениз денгелинен 1900метр бийиктикте мамлекттик картографиялык геодезиялык маалыматтын негизинде жайгашкан.Кара-Ой айылынын иштеген жашаган калктын эмгек акысына жана башка социалдык толомдоруно Окмоттун 1997-жылдын 25-июнундагы №377-токтомунун негизинде1,10 коэффициент бекитилген бугунку кундо белгиленген укуктук ченем акты кучундо жана колдонууга болот деп маалыматка жоопжонотушкон.Кыргыз Республикасынын Каржы Министирилиги тараптан катта дагы бул маселени Эмгек жана социалдык онугуу министирилиги Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2015-жылдын 28-декабрындагы №888-токтому менен бекитилген жана министирилик калкты иш менен камсыз кылуу,эмгекти коргоо чойролорундо мамлекеттик саясатты жургузгон аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болгондуктан сиздин катыныздардагы суроону чечуу учун тушундурмону Эмгек жана социалдык онугуу министирилигинен алууну сунушташты.Ал эми Кыргыз Республикасынын кадр кызматы тарабынан сиздин катынызка жооп беруу жагы биздин иш милдетибизке кирбегендиктен бул маселени карай албагандарын жонундо почта аркылуу жооп беришти.\nБаардык келген каттарды чогултуп Кыргыз Республикасынын Каржы Министирилигинин Талас райондук казына башкы башкармалыгынын башчысы Ж.Ниязалиевке кайрылуу менен кат жузундо кайрылдык 2018-жылдын 9-август куну.Бугун 15-августаТалас райондук казына башкы башкармалыгынан кайрылуунун жообу келди.Жоопто Эмгек жана социалдык онугуу министирлигинин сиздерге жолдогон катында кызматтык маянага ай сайын берилуучу усток акынын олчому сиздерге толонуп берилсин деп так корсотулгон эмес жана №377токтомдо жашаган иштеген жерине карата толонот экен сиздин иштеген айыл аймагынын кенсеси томонку айылда тургандыктан бул маселени чечуу онойго тубай жаткандыгын кайрадан Эмге жана социалдык онугуу министирилигинин кызматкери Кемелова Аселге телефон менен кайрылуубузду сунушташып жатат.Кемелова Асел коэффициент толонот жэ толонбойт тургандыгын дагы бир ирээт тастыктап берет окшойт.Казынадан телефон менен суйлошкондо.\nУрматтуу Рита менин сизге кайрылганым дагы бир ирээт кенешинизди берип койсонуз.Же баардык келген каттарды Кыргыз почтасы аркылуу жонотсомбу .Эгер жонотсом адрести берип коюнуз.Мен баардык маалыматка жашаган айылым Кара-Ой алыскы тоолуу аймакка карайт иштеген айыл аймагынын кенсеси турган айыл женилдикке кирбейт деп корсотуп жазып жатам.Биздин айыл аймагы торт айылды камтыйт Кара_ой,Масык-Булак,Кенеш,Чон-Токой.\n\nУрматто менен.

Ответ:

Урматтуу Жангазы Бакасович! Биздин дарек: 720017 Бишкек шаары Табышалиева көчөсү №3 . Мүмкүнчүлүгүңүз болсо ушул дарекке жөнөтүңүз.

Данчик     [14 Августа 2018]

А/О 6 айлык отчотун уктук тендир боюнча кумонубуз бар кимге кайрылабыз

Ответ:

Урматтуу Данчик! Эгер сиз айылдык кеңештин депутаты катары айыл өкмөт башчысынын жарым жылдык ишмердүүлүгү боюнча отчетун уккан болсоңуз, сиз ал маселени сессияга чейин бюджет жана каржы боюнча айыл кеңештин туруктуу комиссиясында карап, ошол жерде күмөн болгон жана шек жараткан суроолорду берип, аларга жоопту сессияда алсаңыз болмок . Сиз берген суроодон кийин айыл кеңештин туруктуу комиссиясы бул маселени такыр эле карабагандыгы, кызыкпагандыгы көрүнүп калды. Айыл өкмөт башчынын отчету туруктуу комиссияларда сессияга чейин каралып, талкуудан өтпөсө керек. Албетте, тендер боюнча суроолор пайда болсо аткаруу органынын башчысы- айыл өкмөттүн башчысына кайрылыңыз, анын буйругун негизинде ар бир тендерди өткөрүү боюнча комиссия түзүлөт. Ал комиссиянын бардык материалдары менен кенен жана толук таанышууга болот. Андан кийин дагы кандайдыр бир түшүнбөстүктөр жана көйгөйлөр болсо, анда мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаментке кайрылсаңыз болот.

Анара     [9 Августа 2018]

азыркы куну бизге дыйкан чарба тузот элек деп бир жаран кайрылып жатат. Бизге айыл окмотуно токтом чыгарып бергиле деп келди, дыйкан чарба тузуунун жол-жоболору кандай болот?

Ответ:

Урматтуу Анара! Кыргыз Республикасынын 1999-жылы 3-июнунда кабыл алынган “ Дыйкан (фермер ) чарбалары жөнүндөгү “ мыйзамына ылайык иш жүргүзүү керек, бул мыйзамда бардыгы так көрсөтүлгөн. Бул мыйзам менен биздин сайттан тааныша аласыз.

Толкунбек     [30 Июля 2018]

1. Айыл окмотко ишеним коргозбосок копчулук депутаттар иштен кетеби? \n2. Финансы жагын биз тактап текшергенге укугубуз барбы? (квитансиясыныа чейин сураганга)\n3. План чыкпай калса райондук ким куноолу болот? бирок район планга чыкты (салык/ налог)

Ответ:

Урматтуу Толкунбек! Айыл өкмөт башчысына айылдык кеңештин депутаттары ишеним көргөзбөй койгон учурда дароо эле депутаттардын таркап кетүүсү мыйзамда каралган эмес. Айылдык кеңештин депутаттары коомдук башталышта иш алып барышат, ошондуктан негизги иштеген иш орундарына эч кандай таасир этпейт. Айылдык кеңештин депутаттарынын аткаруу бийлигинин бухгалтердик документтерин текшерүүгө укуктары жок. Андай укук текшерүүчү органдарда гана бар. Бирок депутаттардын бюджеттик кирешелер менен чыгымдар менен тыгыз байланышкан социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын жана программаларынын аткарылышын көзөмөлдөөгө укуктары бар. Көзөмөл менен текшерүүнү бир түшүнүк катары кабыл албаңыз. Жергиликтүү салыктарды жыйноону жергиликтүү бийлик мыйзамдарда көргөзүлгөн нормаларга ылайык келишимдин негизинде райондук салык кызматынан өткөрүп алган учурда гана толук жоопкерчиликти ала алат. Эгерде алардын ортосунда келишим түзүлбөсө, анда пландын толтурулушуна биринчи кезекте салык кызматы жооп беришет.

ГражданинКР     [26 Июля 2018]

Салыкты жерге токтом чыкан кундон баштап тоготпу же жер берилген кундон тартып салык толонобу,,, (биринчи токтом чыкан, экинчи жер берилген) ошондо кайсы закондо кайсы статьяда белгиленген жооб берсениздер, алдын ала рахмат

Ответ:

Урматтуу КР атуулу! Жер участогун бөлүнүп берилген күндөн баштап салык төлөө милдети келип чыгат. Ыйгарым укуктуу орган (айыл өкмөтү /мэрия) чечимди чыгарууда жердин аянтын, чек арасын, колдонуу максатын көргөзүү менен жер участогун накталай бөлүп беришет, ошондуктан Салык кодексинин 56-беренесинде: “ Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөө каралган жагдайлар келип чыккан күндөн тартып салык төлөөчүгө жүктөлөт” – деп көрсөтүлгөн. Ошого ылайык салыкты жер участогун бөлүнүп берилген күндөн баштап төлөй баштайсыз.

Израил     [23 Июля 2018]

Саламатсыздарбы Дүкөн салуу боюнча ауксион болуп токтом,ал токтомду мечитке деп өзгөртсөк болобу? кандай кылсак болот?

Ответ:

Урматтуу Израил! Аукцион аркылуу дүкөн куруу үчүн берилген жер участкасына дүкөн курулушу керек,бул анын максаттуу колдонуу багытына кирет. Эгерде ал жер участогун аукциондон жеке менчикке сатып алган болсоңуз, жердин колдонуу багытын өзгөртүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына арыз менен кайрыла аласыз, алар Сиздин арызды карап чыгып, айылдык калктуу конуштардын үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине ылайык мечитти курууга болор-болбосу тууралуу жообун берет.